Тартынчаактык, уялчаактык сапаттардан арылтат. Ширин Искакова чыгыш өнөрү тууралуу

31512532_2142577482687895_5009735177874702336_n

Тайцзи, цигун, хатха-йога искусстволорунун инструктору Ширин Искакованын жашоонун сергек мүнөзүн карманганына 8 жыл болду. Учурда чыгыш өнөрүн жайылтып, кызыккандарга үйрөтүүдө.

Каарманыбыз чыгыш өнөрлөрүнүн Кыргызстандагы орду, пайдасы жана келечеги тууралуу 24.kg агенттигине айтып берди.

- Эмне себептен  тайцзи жана цигун искусствосун тандап алдыңыз? Буга эмне түрткү болду?

— Тайцзи — гимнастика, комплекстүү көнүгүү. Бул чыгыш өнөрлөрүнүн эң күчтүү стилдерине кирет. Биз колдонуп жүргөн Ян стилинин 24-формасы. Бул дүйнө жүзүнө кеңири таралган стиль десем болот. Медитациянын статикалык жана динамикалык түрү бар, Тайцзи анын динамикалык түрүнө кирип кетет. Мында  адамдагы ойлор отурган маалда азайып, ал тургай токтоп калган учурлар болот. Тынчтыкка сүңгүп кирип кетесиң.

6-класста окуп жүргөндө чыгыш мушташ өнөрлөрүнө кызыгуум артып, Брюс Линин тасмаларын көрүп, таасирленгем. Бул жол менен кетүүмө ошол себеп болсо керек.

- Бул искусство Кыргызстанда кеңири жайылганбы? Сиздин устаттарыңыз кимдер?

— Бул өнөрдүн түрү Кыргызстанда жайылып калды. Мен өзүм 17 жыл Алматыда жашап келдим. Бирок, 17 жылдын акыркы 8 жылын тайцзи, цигун, хатха-йогалардын теориясын изилдөө менен өткөрдүм. Буга чейин бир китептен 1976-жылдары Кыргызстанга тайцзи өнөрү жайылтыла баштаган деп окугам. Кийин көргөн бир видеодо 1980-жылдар экени айтылат. Айтоор, улуу устатыбыз Макен Исаков эң биринчилерден болуп Кыргызстанга цигун, тайцзи, йоганы жайылткан. Ал киши Ленинградда сүрөтчүлүк боюнча билим алган экен. Кийин ошол жактан чыгыш өнөрлөрүнө кызыгып, андан ары Кытайга барып тайцзинин Чэнь стилин окуп келген.

Кийнки түздөн түз устатым Медер Бишкек агайдан сабак алдым. Анын “Тайцзи сыры ачылсын” деген китебинен үзүндүнү кокусунан эле окуп калып таасирлендим, ушул тармакты изилдеп баштадым. 2011-жылы бул тармак боюнча Казакстандан окудум.

- Бир көнүгүү канча мүнөткө созулат?

Бул өнөргө элдин кызыгуусу күч. Сергек жашоо образын карманып, жанды кыйнабай өзүнүн үстүнөн иштей турган, ден соолукту профилактика кыла турган сонун искусство. Анткени күшүлдөп 2 чакырым жерди жүгүрүп келгенче, бир чакан бөлмөдө туруп алып, гимнастиканын комплексин аткарып койсо, (канчалык көп кайталаса, пайдасы ошончолук көп) алда канча пайдалуу.

Тайцзинин 24-формасы -өзү агылып жасалганда 7 мүнөттө жасала турган комплекс. Бул психо-физикалык көнүгүүлөр. Анткени, энергобаланс жакшыргандыктан, кандын айлануусуна оң таасирин берет, клеткалар азыктанып, мээге, өпкөгө кычкылтек барат, акыры организм чыңдала баштайт. Адам психологиясына жардамы чоң. Себеби, булар өтө агылып жай жасалгандыктан, адам бара-бара ички тынчтыкка келе баштайт. Муну медитативдүү абал деп коет. Бакыт деген эмне? Биз аны ырттан издеп, бирөөдөн күтүп жүрө беребиз. Бакыт- бул жан дүйнөнүн тынчтыгы. Качан сиздин жан дүйнөңүздө тынчтык орноп, ички-сырткы дүйнөңүз гармонияга келип турганы — бул нагыз бакыт.

Көнүгүүлөрдүн баары агылып жасалгандыктан, адамдарды сабырдуулукка алып барат. Спорт болобу же тайцзи, цигун искусствосу болобу, кыймыл болгондуктан буга биз олуттуу мамиле жасашыбыз керек. Үйдөгү кыймыл-аракет же көчөдө көп басып кыймылдап кечке иш менен алектенген -бул экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Анткени, үйдө иш жасап жатканда, өзүбүздү унутуп оюбуздун баары ошол иште болот же сыртта болот. Качан тайцзи, цигун же йога менен алектенгенде, бүт оюбузду, дитибизди өзүбүздүн ички сезимдерибизге, туюмдарыбызга коюп машыгабыз. Ошондо эффективдүү болот. Сыртта иш жасап жүргөндөр “мен кечке кыймылдайм, жаным тынбайт” дешет.  Бирок, кыймылдап жатканда ой каякта болуп атат, ошого маани беришиш зарыл. Ой менен кыймыл шайкеш келиш керек. Мисалы, залга келип тайзи, цигун менен машыгып жатканда, өзүбүздүн денебизди сезип, өзүбүздүн дем алуу көнүгүүлөрүбүз кандай аткарылып атат, эмне сезимдер болуп атат деп көңүл бөлөбүз. Ал эми үйдө идиш жууганда, өзүзбүгө көңүл бурбай, таза жуулдубу деген гана ой келет.

 - Сиз инструктор катары айтсаңыз, тайцзи искусствосуна жаш чектөөлөр барбы?

-Учурда инструктор катары иштеп жатам. Негизи 6 жаштан 80 жашка чейинки каалоочулар келсе болот. Менин кол алдымда 76, 63 жаштагы айымдар келип машыгып жүрүштү. Мында адамдардын шыгын ачканга, ден соолугун чыңдаганга жардамы чоң. Тартынчаактык, уялчаактык сапаттардан арылат. Өзүнө болгон ишеним күчөйт.

 - Медицина айыктыра албаган кээ бир дарттарды сиздер машыгып жаткан искусство жардам бере алабы? Ушундай окуялар болду беле?

— Практикамда акыркы 2 жылдан бери олуттуу оорулардан айыккан учурлар болгон эмес. Бирок, кан басымдан айыккандарды өз көзүм менен көрдүм. Бизге 63 жаштагы эже 9 ай тынбай катышып, кан басымын жеңип кетти. Азыр ардагерлерге тайцзини өтөм деп зал ачып иштетип атат.

- Аң сезимдүүлүк менен сүкүттү биздин бала бакчадан баштап окутуш керек деп айтканыңыз бар, ушуга кеңири токтолсоңуз, себеби бизде мындай түшүнүк калыптана элек да. Коомчулук муну кандай кабыл алышы мүмкүн? Бул чет өлкөлөрдө практикада колдонулуп жүрсө керек?

— Чыгыш мамлекеттерде, Жапония, Кытайда сүкүт техникалары боюнча мектеп окуучуларына берген ыкмаларды окуп калам. Эгер сүкүт адамга пайда алып келип атса, анда Кыргызстандын бала бакчаларына аны эмнеге жайылтууга болбосун деген ой келет. Себеби, эгер адам ички дүйнөсүндөгү өзөгүн чыңдап, эмоцияналдык ачууланууга берилип кетпей, паникага берилбей, аң сезимдүү өмүр сүрүп, дайыма жүрөгүндө сүйүү баккан адамдар коомдо көбөйгөндө, терс көрүнүштөр азаят беле деген ой да. Азырынча бул жеке пикиримди социалдык тармакка гана жаздым. Келечекте мектеп директорлору, Билим берүү министрлиги, Саламаттык сактоо министрликтери менен пикир алмашып, жогоруда айтылгандарды сунуштасам дейм.

- Сизге келип машыккандардын катарында атактуулар барбы? Мисалы, депутат, ырчы, спортчу?

— Жеке мага келгендерден алып баруучу Назира Айтбекова апасы экөө катышып жүрөт. Жазуучу Жазгүл Жамангулова да келип калат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>