Менин ыйманга карай жолум

133Мусулман өлкөсүндө төрөлүп, мусулман үй-бүлөдө чоңойсом да, Аллах Таала жана  Анын Пайгамбарлары, Салаллаху Алейхи Ва салам (мындан ары САВ деп кыскартып  жазам) жөнүндө кабарым жок эле. Уйдө Улуу Куран китеби турчу, башка китептерди  окуп, бирок Куранды ачканга эч бир кызыгуу жаралчу эмес, балким түшүнбөгөндүктөн, балким эч ким окубагандыктан… Бирде үй жыйнап, китеп текченин чаңын сүрүп атып, Куранды ачып көрүп бир аяттарды окумуш эттим, бирок түшүнүксүз сезилгенинен жаап койгом. Ошол бойдон ачкан жокмун.

 

Анан университетте 3-4-курс кездеримде да Исламга кызыгуу пайда болду. Намаз үйрөнөйүн деп бир түрк кыздын үйүнө бардым. Ал мага кантип даарат алууну жана намаз окууну көрсөтүп берди. Эмнегедир аябай татаал сезилди да ал кызга андан кийин барбай койдум… Арадан убакыт өтүп, бир жылы ыйык Рамазан айында орозо туттум. Кээ күндөрү оозумду ачам деп Бишкектеги Борбордук Мечитке барып жүрдүм. Эч кимди тааныбагандыктанбы айтор тартынып башкаларга кошула албай, Ифтарга катышып (оозумду ачып) алып эле келе берчүмүн. Ошентип, Исламга болгон кызыгуум кайра өчүп калган….

 

Убакыттар өтүп, окуумду да аяктадым. Эки жыл Улуттук Илимдер Академиясында эмгектенген сон Аллахтын буйругу менен Японияга окууга келдим. Жашым 25те эле. Алгач келгенимде бир аз кыйналдым, бөтөн мамлекетте, үйдөгүлөрдөн алыс, жалгыз жашоо кыйыныраак болду. Көнүшүп кеткенге чейин оорчулуктар болду, бардык нерсе башкача: тамак-аш, элдер, каада-салт, тил, дин дегендей. Үйдү сагынып ыйлаган күндөр дагы өттү. Анан бул жакта көп жылдан бери жашаган бир кыргыз байке үй-бүлөсү менен тааныштырып, үйүнө чакырып, кийин мусулмандардын майрамдары, же чогулуштары болгондо келип катышып кет деп чакырып турду. Убакыт болгондо барып жүрдүм. Башында эч кимди таанычу эмесмин ал жакта, кийин кыздар менен таанышып баштадым. Дагы деле «салам, жакшы кал» эле суйлошуубуз.

 


988386_476660765778290_1047670565_n (1)

Бир күнү кыздар кандайдыр бир сабак тууралуу сүйлөшүп атышат, мен кызыгып «Эмне сабак жөнүндө сүйлөшүп атасыңар» депсурадым. Алар «Арабча окуйбуз, Куран үйрөнөбуз» деп жооп беришти. «Мен дагы кошулсам болобу» десем, албетте кел дешти. Биринчи жолу алардын сабагына («Макраа» -Куран үйрөнүү сабагы) катыштым. Барсам жолук салынышкан, ар улуттун кыз-келиндери отурушат. Окутуучубуз Салима деген Египеттик айым экен. Бардыгынын колунда Куран китептери бар, Юсуф сүрөөсүн окуп атышкан экен. Кыздар катар окуп келатышат, ар бири 2 же 3 аяттан окушат. Анан мага кезек келди… Же арабча билбейм, же Куранды билбейм….Таза да эмесмин (дааратым жок)…. Мен билбейм окуганды дедим. Мусулмансыңбы деп танкала сураган мугалимим аракет кылып көрчү деди. Мен арабча тамга тааныбастыгымды айттым. Анан ал эжекем жанымдагы кыздарга карап, Жазгүлгө алфавитти үйрөткүлө, эртерээк, деп дайындады. Ошол күндүн эртеси эле интернеттен Араб алфавитин таап, кагазга чыгарып келип жаттап баштадым. Ага кошо, Ислам жөнүндө, Аллах Таала, Мухаммад Пайгамбар САВ жөнүндө окуп үйрөнө баштадым. Алфавитти 1-2 күндө жаттадым көрүнөт, анан Индонезиялык Ризка деген кызды чакырдым бир күнү, келип мени окутчу деп. Ал келип сөздөрдү үйрөтүп баштады, экиден-үчтөн тамгаларды кошуп, арабча муундан окуп калдым. Анан бир күнү кечинде бир ой келди, намаз окуп көрөйүнчү деген. Бирок кантип окушту билбейм, Индонезиялык кызга түндө телефон чалып «Эртен мага Намаз үйрөтчү» дедим. Дос кызым ыйлап жиберди көрүнөт сүйүнгөнүнөн, макулдугун берди. Ошентип эртеси экөөбүз университеттен жолуктук (ал кезде мечит жок болчу бул шаарда), жолугушууну чыдамсыздык менен кутконун айтып кубанып алган дос кызым, анан ал мага даарат алганды үйрөттү да экообуз бирге бешим намазын окудук. Ал күн 2012-жыл, 20-Январь, күнгө ЖУМА эле.

 

Ошол күндөн тартып, бул жактагы кыргыз байке, жене жана Индонезиялык дос кыздарым бири намаз окуганда кийе турган кийимдеримди, экинчиси китептерди берип, дагы бири дубаларды үйрөтүп, деги эле буттан колдон алышып жардам беришти. Жатаканада комнатамдын дубалдарында ар кайсы жагында дубалар, аяттар жазылган кагаздарды чаптап алгам. Намазды болсо сүрөөлөрдү жаттаганга чейин колума китеп кармап окуп жүрдүм. Ошентип, абдан интенсивдүү аракеттердин аркасында 1 жума же 10 күндө десем жанылышпайм, Ыйык Куранды өз алдымча эжелеп окуп калдым, Альхамдулиллах! Аллахка миң мертебе шүгүрлөр болсун…

 

Алгач, намаз окуганда гана узун-жабык кийинип, сыртта кадимкидей эле жүрчүмүн, шым кийип, чачымды жазып дегендей…. Арадан убакыт өтүп, өзүмдүн ачык кийингенимден тартына баштадым, анан акырындан жабыгыраак кийип, чачтарымды жыйнадым. Дагы убакыт өтүп, кичинекей жоолуктарды (бандана) салып жүрө баштадым.

 

Бир күнү мугалимим Куран сабакта Ал-Ахзаб сүрөөсүнүн 56-аятын окуп берди. Анда Аллах Таала айтат: «Оо, Пайгамбар! Аялдарыңа жана момундардын аялдарына айткын: оромолдорун өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу» (33:59). Мына ушул аятты түшүнгөндөн кийин, жамынып жүрүү -бул Аллахтын буйругу экенине толук ынандым. Кечинде досторум белек кылган жоолуктардын бирин алып башыма салып көрдүм, күзгүдөн карасам өзүмө аябай жакты. Эртеси эле аны салынып сабакка жөнөп кеттим. Убакыттар өтүп, кийген шымдарым, кыска көйнөктөрүм да көзүмө одоно көрүнүп, акыры, өмүрүмдө биринчи жолу узун юбка алып кийдим. Ошентип, толук кандуу мусулман болдум окшойт, Альхамдулиллах. Бул жоолугумду козум откончо чечпей журом деп соз берип келем озумо, Жаратканым ушул туура жолумдан адаштырбасын, Оомийн.

 

Субханаллах! Аллах кааласа биз күтпөгөн, ойго келбеген, кыялданбаган, бирок, биз үчүн эң керек болгон нерсени Өзүнүн каалаган убактысында, Өзүнүн каалаган жеринде берет экен. Мен канча уктасам түшүмө кирген эмес, Японияда Хиджап кийип, Исламды үйрөнөм деген. Кыргызстанга барганда айрым досторум мага тан калуу менен, «Сен Японияга барбай эле Сауди Арабияда жургонсун го» дешкен. Японияга келгеним мен үчүн окуп билим алып, же чет тил, башка элдин каада-салтын үйрөнгөнүм үчүн эмес, Жаратуучумду таанып жана Исламды үйрөнгөнүм үчүн жашоомдогу маанилүү орунга туруп калды. Азыр чексиз бактылуумун, анткени менин жүрөгүмдө Аллахка жана Пайгамбарга САВ болгон чоң ишеним жана түбөлүк сүйүү жашайт. Азыр да Исламды окуп, жакшылап таанып, Куранды жаттап-үйрөнүүнүн үстүндөмүн, биз өмүр бою окуп, өмүр бою үйрөнүп жүрөбүз бул жалганда…

 

Мага Ислам көп нерселерди үйрөттү: Эң негизгиси – бул жашоого келгенимдин максатын түшүндүм, убакыттын канчалык тар экендигин жана аны баалоо, туура пайдалануу керектигин түшүндүм.

Аллах Таала Зарият сүрөөсүндө мындай дейт: «Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым» (51:56). Демек, Аллахка ибадат кылуу, парздарын аткаруу – биздин негизги милдетибиз жана жашоодогу максатыбыз. Биз Аллахты жана Анын ыраазылыгын жашообузда биринчи орунга койгондо гана бактылуу боло алабыз. Ошондой эле, башкаларга жакшылыкты Аллахтын ыраазылыгына татуу үчүн гана кылууга үйрөндүм. Жашоомдо болуп жаткан нерселерди (өзүмө жакса да, жакпаса дагы) Аллахтын берген өкүмү, демек Жаратканым ушундай болуусун каалады деп кабыл алууга көнүктүм. Аллах Субхана ва Таала Куранда «Сабырдуулар үчүн сооптору эсепсиз берилет» (Зумар 39:10) деп айтат. Сабырдуу, кечиримдүү, кайрымдуу болуу өңдүү сапаттардын баа жеткис экендиктерин түшүндүм. Ата-энеме, бир туугандарыма жана жакындарыма болгон суйуум, урматым мурдагыдан да ашты, эми аларды Аллахтын ыраазычылыгы учун суйуп калдым. Демек, бул суйуум туруктуу жана чын.

 

Мына ушундай, бир тууганым. Мээримдүү Аллахтан (СВТ) бардыгыңыздарга эки дүйнө бактылуулугун сурануу менен сөзүмдү аяктаймын. Ааламдардын Ээси, Жаратуучусу Аллахка СВТ чексиз мактоолор болсун, жана Анын акыркы Элчиси жана Пайгамбары Мухаммед САВ га салам-салаваттар болсун.

 

1507120_639144156196616_1393259986659076689_n

You may also like...

5 Responses

  1. Гулмира:

    Alla yraazy bolsun rahmat.

  2. Ali:

    بسم الله الرحمن الرحيم‎‎ — Бис миЛля́хир рахма́нир рахи́м
    Биздин Жалгыз Жаратуучубуз Аллах СубханАллах Таалага чексиз-чексиз мактоолор, хамд шугурлор жана алкыштар болсун! Биздин суйуктуу сонку пайгамбарыбыз Мухаммадга (салаллаху алейхи ва саламга) салам, салаваттар болсун жана анын уй-булосуно, ошондой эле сахабаларына Аллахтын ыраазычылыгы болсун!

    بسم الله الرحمن الرحيم. — Ас саляму алейкум ва рахматуЛлахи ва баракатух урматтуу бир тууган!
    Жазганынар мен угуп жана коргон бир озгочо окуялардын ичине кирет экен. Мындай макалаларды коп карап, озумчо издоо жургузом. Биздин Жаратуучубуз Аллах Тааланын каалоосу менен сиздин да маалыматыныз мага келип жетти… Ин шаа Аллах азыр ойлоп отурам, озумдун маалымат тармагындагы булактарыма макаланыз менен озумдун тааныштарымды таанытып, болушконого аракет жасаймын.

    Аллах сизди Ислам динине чон салым кошуп пайгамбарыбыздын уммотуно пайда алып келе турган инсандардан кылсын! Аллах сизге эки дуйнонун бактылуулугун, баракатын насип этсин жана акиретте салих энелерибиздин катарында тирилтип Аллах Озунун Жузун коргозушту насип эткен болсун! Аминь!

    • Жази:

      Аминь, Аллах баарыбыздан ыраазы болсун. Тушкон туура жолубуздан адаштырбасын, Суйуктуу Пайгамбарыбыздын (салаЛлаху алайхи ва салам) татыктуу уммотторунун катарында болууну насип этсин. Терен ыраазычылык билдиремин.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>